кел

китептерде 11273 жолу, 10 китепте
  1. Бир жерден экинчи жерге баруу, өтүү, барып түшүү.
  2. Бирөөнү чакыруу, чакырып келтирүү иретинде айтылат.
  3. Жашка толуу, чыгуу.
  4. Нерсенин көлөмүн, ченин, өлчөмүн, санын же кандайдыр бир сапатты, абалды белгилөө үчүн айтылат.
  5. Жүрүү, согуу.
  6. Жыл мезгилинин же белгилүү бир учурдун, маалдын башталышын, пайда болуп, жаралып келаткан абалда экендигин билдирет.
  7. Пайда болуу, болгондугу, бар экендиги сезиле баштоо, билинүү, туюлуу.
  8. Атоочтук форма - ган аркылуу «келишкен», «мыкты» дегенди билдирет.
  9. Айткан-дегени, эңсегени, ойлогону, тилеги орундалуу, ордунча болуу, өзүндөй болуп чыгуу.
  10. Негизги этишке айкашып, бир нерсени каалагандыкты, ниеттенгендикти, самагандыкты ж.б. билдирет.
  11. Негизги этишке айкашып, «бир нерсе жөнүндө баяндайын», «жөнүн айтайын», «айта баштайын» деген мааниде колдонулат.
  12. Негизги этишке айкашып, кыймыл аракеттин болгонун же болуп жатканын билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алдында кызмат кылыптыр, / Кытайдын келип баласы, / Кара эмес хан экен, / Чечекейдин карасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Үч жыл кысыр турчу эле, / Алтайдын Айдыңкөлүнө / Мындан качып барчу эле, / Кардына бала бүткөндө / Кайра келип алчу эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Болжошкон жерге келгенде экөөбүз элдин артында калдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Мен Турум падышанын баласымын, Рум падышанын Каракөз айым деген кызын издеп келатамын, – дейт бала. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Кандын баласы күндө келип, баягы мурунку аялына кордук көрсөтө берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →