кекээр

китептерде 9 жолу, 6 китепте
  1. Кээр сөз, кер какшык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кекээрденип кезенип, / Ээрдин кесе тиштенип, / Киндигин тартып бел түйүп, / Кара жанга күч келип, / Белин түйүп мекийип, / Маңдайда көзү чекийип, / Жана кирди чоң Чынар, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимден кеп угуп, / Кекээр кептен жеме угуп, / Токтоно албай Талана, / Ачбөрүдөй жулунуп, / Найзасын күүлөп акырып, / Дабытайлап бакырып, / Кененимге бул айбан, / Келип тийди качырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Желке чачы сепеңдеп, / Жетер-жетпес артынан, / Тапан хан барат тепеңдеп, / Аркасынан Сейити, / Кетип барат кекээрлеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Деп, Керимди кекээрлеп, / Семетей айтып койгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— деп кекээр сөзү менен эки бөйрөгүн таянып кайкайып тура калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →