кектүү

китептерде 22 жолу, 8 китепте
  1. Кеги бар, өчү бар, ичине кек сактаган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлгөндөрдү кум менен, / Кишиге киши кол менен, / Кектүүнүн кегин чыгарсаң, / Калгандын көөнүн агартсаң, / Мындан кийин тийбеске, / Убаданы бек кылсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Арканча кылып жорусаң, / Келбейт дейим оңунан, / Келет окшойт далай эр, / Кектүүлөрдүн чоңунан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кектүүңөр алдың кегиңи, / Чайкадың калмак элини, / Көңтөйүн сайып жыктыңар, / Оморуп моңгул белини. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Келе турган Сейити, / Кектүүнүн баарын кыйратып, / Келберсип турган чунагы, / Жүйрүн дөө берген белекке, / Алмамбеттин Алмабаш, / Атып жүргөн убагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көзүнүн жашын имерип, / Тууганымды таптым, деп, / Шолоктоп ыйлап жиберет, / Ичинде турат Сомбилек, / “Кектүүнүн баарын таптым, деп, / Окмогой менен Чокмогой, / Жер кучактап жаткын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →