кекте

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Бирөөгө каршылыгын, кеги бар экендигин көрсөтүү, кек сактоо, кекенүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ай, / Жөө күрөштө жыгылып, / Андан жана байге албай, / Мергендик кылып жамбы атпай, / Түп көтөрө кыргызды, / Айдап алып түз кайтпай, / Кетерде жылкы алыптыр, / Кектеп жүрүп Манасың, / Бейжинге колун салыптыр, / Сен көрбөгүн мени андай! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ооган, испан,коросон, / Катарың менен алдырдың, / Кектеп Манас калбады, / Калмакка неге бардың, деп, / Ат изин сага салбады, / Бүгүн келдиң дүбүрөп, / Калмакка кулдук кылгалы, / Атамдын жолун жолдоймун, / Аркасын алы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кектеп жүргөн ушуга, / Бар экен бүткүл кылымда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өлүгүн мунун кектебей, / Ошентип көөмп тыналы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Беттешкен жоого муң салам, / Кектесем кесип баш алам, / Айкөл шер Манас түп атам, / Өзүмдүн атам Бекбача, / Ата-бабам салты ошол, / Калкатай өзүң сен канча? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →