кекир

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Кызыл өңгөчтөн ооз көңдөйүнө карай газ чыгара дабыш салуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайта имерип сайарда, / Карт кекирип, шаң күлүп, / Куургучу-куу найза, / Таштан тайбас көп найза, / Тарк оосуруп кара бет, / Жердин бети топурак, / Туман түшүп боз болуп, / Найзасы менен Кененди, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күн төбөдөн өткөндө, / Бешим болгон кездерде, / Ажыкең анда чыдайбы, / Сары жез чылым колго алды, / Анжийандын ак курма, / Тамекиден мол салды, / Кытайдын кызыл оттугу, / Кырып алган жер куусу, / Кой борумдай чок койду, / Коркурата бир сорду / Койо берди кекирип, / Түндүктөн түтүн буркурап, / Өрт алдыбы үйдү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– Каке, келиңиз, келиңиз, куйруктан көп жеп коюп май кекирип турам. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →