кекет

китептерде 21 жолу, 8 китепте
  1. Бирөөгө өкүмдүгүн көрсөтүп, кагып-сөгүп коркутуу, орой сүйлөп опузалоо, жекирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Кечикпей үйгө жетем, — деп, / Өөдө-төмөн кеп кылса, / Чаар ичигин жамынган, / Мадыбекти кекетип, / Жазайын колго берсем, — деп, / Алжан, алчын бир элек, / Эки уруктун ичинен, / Бөлүп турсам экен, — деп, / Анан мыктысынган Чигитей, / Карап турсам экен” — деп, / Ат айабай кайра чаап, / Айылына жете барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…йлык шер экен, / Кайраты көптү жапырган, / Караандуу эрдин бири экен, / Качырып найза сайганга, / Агызын канды жайганга, / Кандим болгон неме экен, / Кесилетти кекетип, / Ачаканды кулатып, / Кеп айтары эп экен, / Хан Дабытай, Бактыбай, / Качырышып бет келди, / Найзаларын кагышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кырк кыз кирип чогулуп, / Кирип кетти үңкүргө, / Семетейди жүрү, деп, / Кайран баатыр Кара дөө, / Тоону турду кекетип: / — Эр Семетей абамды, / Сен чыгарып бергин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Акундун кызы кара бет, / Келиндин баарын кекетип, / Кыздын баарын бекитип, / “Шыбыр-күбүр кылганың, / Шыңкылдашып күлгөнүн, / Мени шылдың кылганың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— деп бир барк этти да, аны айдап жолго түшкөн соң артынан ачууланып, кекетип калды... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →