кекей

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Кейкейүү, кержейүү, башын кейкейте көтөрүү.
  2. өт. Бой көтөрүү, менменсинүү, адамды теңсинбей көктү карап калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Дүркүрөгөн чаң чыгат, / Асманда мунар буу чыгат, / Будургуган булуттай, / Ак асаба туу чыгат, / Алдынан тосуп караса, / Коркуп калган Кокондук, / Аргымагын кекейтип, / Көк кебичин тепейтип, / Жүргөн экен жол менен, / Айры сакал Сынчыбек, / Алтымыш санча кол менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бурулдаган бууралар, / Буркулдаган бууржундар, / Кайкаңдаган каймалдар, / Тайраң салып тайлактар, / Керүүлөп басып кекейет, / Жөө Бакайга айдатпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кекейте тартып чоң жолдо, / Кепти жеткен башкага, / Келели эми Кеңколго. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Нечен баатыр кекейип, / Келип көргөн жеңбеген, / Жеңилбеген Семетей, / Жер жүзүндө пендеден, / Семетейден Сейитек, / Он экиде эр жеңген, / Жетисуунун элинде, / Болгон эмес пенде тең, / Канчоро менен Кыязды, / Катары менен сойлоткон, / Кан ичме чыккан пендеден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ал көңүлдөнбөй туруп, башын жерге жакын алып барат деле кайтып «жок, жүрөгүмө барбайт» деген немече бир тал чөп кыркпай, көзүн үргүлөтүп, кайра кекейип туруп алат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →