кез3
- Узак жол тартуу, кыдыруу, жер арытып жүрө берүү, тентүү, алыска сапар чегүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…гуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Качырган ооган кара тоо, / Качпай Сыргак бет алып, / Кайнаган курттай чогуудан, / Кабылды келип кол салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каныкей айтат: - Канчоро, / Жерге түшкөн кезиңде, / Жерден алган мен элем, / Эмчегим эмген сен элең.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Апийим тилими кызыган кез.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →