кез2

китептерде 664 жолу, 10 китепте кез 1 →кез 3 →
  1. Белгилүү бир учур, маал, мезгил, оңтойлуу момент.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…гуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Качырган ооган кара тоо, / Качпай Сыргак бет алып, / Кайнаган курттай чогуудан, / Кабылды келип кол салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкей айтат: - Канчоро, / Жерге түшкөн кезиңде, / Жерден алган мен элем, / Эмчегим эмген сен элең. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Апийим тилими кызыган кез. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →