кезүү1
- Мал кайтаруунун кезеги, биринен кийин экинчисине өтүп кезектешкен ирети.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сынына Гүлүс толтурду, / Жаман-жакшы иш билген, / Жайы бар бала экен деп, / Жатар мезгил болгондо, / Каргалдай менен Акмаңдай, / Короо кезүү бизде, деп, / Салынарын, жабарын, / Ташып чыгып аларын, / Атасы менен конокко, / Төрүнө салып кең төшөк, / Короого чыгып кетишти, / Алмак болуп кабарын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →