кезең
- Тоонун кайкаң жери, бел.
- өт. Өтө кыйын шарт, оор абал, оорчулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дегенди ойлоп байкуштар, / Бачымдап бара жатышат, / Өпкөгө атын тепкилеп, / Камчылап атын токмоктоп, / Ач белес кайкы кезеңде, / Асыл чыгып калат деп, / Мойнун созуп омсоңдоп, / Жик-жик болуп көчүгү, / Эңкейиште томпоңдоп, / Коктуга келсе кажырдай, / Алдын карап жогжоңдоп, / Жан айаба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мөкүбалдуу найзасын, / Булгап кирди аралап, / Эт бышым чыдап туралбай, / Калмактар качты талаалап, / Ач кайкалаң кезеңде, / Чиктей хан турат сагаалап, / Эчтемени элебей, / Кененим барат кан жалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күүлөп урган күрзүсүн, / Күчү менен чабаарда, / Эр Сыргактын денесин, / Жерге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызылдын тизгинин, / Тең кармап Сыргак с…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чаарарчанын белеске, / Тайбуурулду жетелеп, / Чыгып келди кезеңге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жасаган кудай кыргызды, / Жоокер кылып эзелтен, / Карап турду Сомбилек, / Ач кайкалаң кезеңден, / Учурап калды бир киши, / Араң басып теңселген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →