кезе
- Бирөөгө карата колун, муштумун, сөөмөйүн же куралын таптап коркутуу, сезин алуу, ура турган, чаап жибере турган болуп тап берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Эси ооп шай болуп, / Эндиреп турган кезинде, / Матанды байлап алганы, / Таңгыттардын бир тобу, / Бара жаткан мезгилде, / Бекбача чыгып таңданып, / Карап турган кезенде, / Көрүп туруп абалды, / Байлатып ийсем бекер деп, / Арабыз артуу топ белес, / Мен жеткенче Матанды, / Башын кесип кетер,деп, / Алдында көргөн адырдын, / Барар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Келип калды биздерге, / Кезене албас жайыбыз, / Жалтайып калдык чогулуп, / Жалпы жаштар баарыбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ойноп айтсаң ойлой айт, / Тилимди алсаң экөөңөр, / Ушул жерден кайра тарт, / Кененимге кездешсең, / Койдой кезет башыңды, / Коондой жарат ичиңди, / Ачып көздү жумганча, / Бүтүрүп койот ишиңди, / Сындырат бүктөп белиңди, / Шыпырат аттан ээриңди, / Жетим кылат балаңды, / Жесир кылат алганды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Качкан пилди кармады, / Тордун учун байлады, / Сүйрөтүп алып кетсек, деп, / Аты менен Сыргакты, / Билектей камчы кезешип, / Пилди булар айдады, / Сүйрөтүп жөнөй бергиче, / Алмамбет келип калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Жапарбек кезек-кезек сары талааны кезеп ырдап коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →