кежим

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Түктүү жибек кездеменин түрү.
  2. Алтын жип кошулуп токулган баалуу кездеменин түрү.
  3. Кооздук үчүн пайдалануучу алтын зым жип кошулуп токулган кымбат баалуу тор.
  4. Кооздолгон, кымбат баалуу ат жабуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Болжогон айдан калбастан, / Балтыкка көчүп барышты, / Дөбөдөй болгон токсон миң, / Үйдү тигип салышты, / Мамыга тартып кермени, / Суурулган күлүк, жоргону, / Кежимдеп үрдүк жабышты, / Келиштирип кермеге, / Абдан байлап салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ажыкеңдин Карткүрөң, / Кармап алып калмактар: / — Кежим салып жабуулап, / Эсен хан минер мал экен, / Байлап койуп чабуулда, / Көрккө салаар чагы экен, / Алты ай минсе арыбас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп көк жалың кулуңдөп, / Тайбуурулдай күлүккө, / Жолборстон үртүк чаптырып, / Жибектен кежим тактырып, / Алтын менен саптаган, / Пил терисин каптаган, / Чымын тийсе кыңк эткен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Он төрт аттын ичинде, / Көргөндө салты башкача, / Кежимден жабуу жабылган, / Жембаштыгы манаттан, / Такта соору тайган төш, / Тамдай болгон Буурул ат, / Ал ырыстуу эрдин малы экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →