кеден
- диал. Саман, тыпын сактала турган үй.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Моңгул, маңгыт, шибеден, / Манжу, солон дегенден, / Кара кытай, кеденден, / Тандалып чыккан он балбан, / Экөө колго тор алып, / Экөө жебе жаа тартып, / Экөөңдө кылыч жаркылдап, / Экөөндө балта жалтылдап, / Экөө найза сундуруп, / Күр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сөз байлашып Кеденге, / Оогандын эли абайлап / Аңдып турат бир жерде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кедеңдин уулу Жолойу, / Жеткире берип колкосун, / Каалап туруп бул алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элемандын эр Төштүк, / Кедендин уулу Жолойду, / Келе жатып жоготту, / Аралап кирип топ элге, / Жан айабай тогошту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чынмачын, какан, каңгайлык / Кошулган Кеден калдайып, / Манжулар келген жаланып, / Уушаң келген калмакты, / Калтырбай такыр бүт алып, / Анжулдардын мурадил, / Ал дагы келген шаңданып, / Ороккыр келген кошулуп, / Пилге минип далбайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →