кебер2

китептерде 6 жолу, 5 китепте кебер 1 →
  1. Таштын жаракасы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манас деп аты угулуп, / Жер бетине чыккалы, / Теңдешкенде кем кылып, / Маңдайга кебер шор кылып, / Эрдин баарын сойдуруп, / Эмгичекти баш бербей, / Келе жатат кыргыздар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Күртүлдөк деген жер эле, / Кебер шордун кени эле, / Аралап токой келгенде, / Алмамбет айткан кеп эле: / — Олуйа Кошой зор баштап, / Буудайык хандын Музбурчак, / Улуктун бары биздерге, / Ынтызар болгон ушул чак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Жарасы зилдеп зыркырап, / Ичине түшүп кан уйуп, / Калган белем, — деп, / Бузулуп турат өңдөрү, / Буулугуп турат үндөрү”, / Деп ойлонуп сыйкыр кул, / Башын өөдө көтөрүп, / Кеп баштарга калганда: / — Мен Куткарбас болголу, / Бүгүнкүдөй бир шумдук, / Өмүрүмдө болбоду, / Жаагым ылдый тер кетип, / Маңдайым кебер шордоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…, / Боосун салып билекке, / Кыйаздын кылган иштерин, / Муз кылып түйүп жүрөккө, / Кайратын жыйып мостойуп, / Эрибес тоңдун музундай, / Кыйаздын кеби көкөйдө, / Кеберлүү шордун тузундай, / Камдап турат Айчүрөк, / Болорун ойлоп ушундай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Оң жагында босого, / Абалап чыккан кызыл өрт, / Абайласам өзүмдү, / Кайратым менин ошончо, / Өмүрүм кыска, күнүм аз, / Маңдайда кебер шорумбу, / Жаралган пенде экенмин, / Ашып кетсем жыйырма беш, / Артта калса жыйырмада, / Арасында беш жылдын, / А дүйнө кетет экенмин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →