кебек1
- Арпа, таруу, конок сыяктуу эгиндердин сокуга салып актагандан, түктөгөндөн же тартылгандан кийинки эленип ташталган кабыгы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чычканга кебек алдырбайт, / Он бешке чыгып мен калдым, / Асылбача уулуңар, / Аттанамын мен өзүм, / Аман болгун баарыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ал, / Аты-тонун тоноп ал, / Айдап өзүн чогултуп, / Бизден кабар болгунча, / Жер айдатып шорго сал, / Козубек, Жоодар агалар, / Чыгыш жакка азыр бар, / Чычканга кебек алдырбай, / Жоокерлигиң билгизгин, / Душманга сырың чандырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Серек, Сыргак жаш эле, / Сыргагым жылкы баш эле, / Тышка кебек алдырбас, / Улоого нокто салдырбас, / Өзү чыйрак бала эле, / Серегим боору таш эле, / Ача туйак малыма, / Алтымыш үйгө баш эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шириден күптү жасатып, / Көмүр менен кебекти, / Аралаша тундуруп, / Алтын менен күмүштү, / Арасына койдуруп, / Дат алдырбай катпасам, / Санаама жетип бай болбой, / Үйдө кантип мен жатам?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шиш кебек кылып эт кактап, / Айабай чороң тойду эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →