кебез

китептерде 46 жолу, 8 китепте
  1. эс. Пахта.
  2. Пахтадан чыгарылган була.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ен иши жок, / Кайран Сыргак муну деп, / Хан Манастын камын жеп, / Тай жарышым калганда, / Кайра качты калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…нсе болгону, / Кулакка сөйкө келинге / Жай кеңешип олтуруп, / Алып барсаң болбойбу, / Адашып жолдон каласың, / Күлчоро кулду артыңа, / Салып барсаң болбойбу, / Кебез байлап башына, / Төөчү минчү Көктокол, / Алып барсаң болбойбу, / Куру алпарбай көк атты, / Кол куржунга алтынды, / Артып барсаң болбойбу, / Туудан тандап кырк … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Гүлчоро нике кыйды эле, / Алтындан кылган тактыга, / Кебезден кылган пахтага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Карабуура,Чаткалдан, / Айагы куйуш Самаркан, / Күн чыгыш көздөй толгонуп, / Сол колуна айланган, / Ташкен менен Наманген, / Анжыдан менен Маргалаң, / Атактуу залкар Кебезтоо, / Бөксөлөп баарын айланган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Булбул Асандын эки көзүн кебезге ороп, эки канатынын алдына катып коёт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →