каңгы
- Тентүү, тентиреп калуу, эч максатсыз бет алды кете берүү.
- өт. Башы катуу, эмне кыларын билбей маң болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…нын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененимдин балтасы, / Сырты тийди таманга, / Талананын чокмору, / Каңгып кетти асманга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ачкадан боору эзилип, / Айнектей көзү сүзүлүп, / Керсаргыл тартып ыраңы, / Кетүүчүдөй үзүлүп, / Арман кылат эр Алмаң, / Азаптана үшкүрүп: / “Меккени алдым бетиме, / Өлүмдү алдым нээтиме, / Каралашкан казагым, / Казагым берип азабым, / Каңгып жүргөн бир жаным, / Кайсы жолду басамын?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Кутургур, / Сары артуунун белеске, / Аса байлап Тоосурду, / Колуна салып кишенди, / Бутуна салып чидерди, / Шыпырып алып токумун, / Тердигин салып жамбашка, / Каңгыны койуп какбашка: / — Тамагымды тайарла, / Өзүм турам, ойготпо, / Тоосур атты откозбо, / Өзүм койом копкондо!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир мышык каңгып жүрүп өлүп жаткан арстанга жолугат да, анын жетим калган күчүгүн бооруна кысып, эмизип асырап алат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →