каш2
- Ээрдин тизгин, чылбыр илүүчү астыңкы жана тегерек формада болгон арткы бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошо кезде канкордун, / Атынын башы бер жакта, / Атка минип каш серпсе, / Көзү кетти кыз жакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…кей тирүү көрбөсө, / Алмамбеттен өлдүм, деп, / Чубактан кордук көрдүм, деп, / Токтоно албай эр Шууту, / Кирип чыгып делдеңдеп, / Кайгы тартып турганда, / Келин каш таңдын алдында, / Үч караан чыкты эрбеңдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Индистан, Ооган, Испандан, / Каш кайтараар калбаган, / Бир аз күмөн кыламын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Намангендин астында, / Кең Кокондун үстүндө, / Таш чокуга мен бардым, / Кашкар жаккы белдерге, / Калмак, кытай элдерге, / Дүрбү салып карасам, / Каргасы учуп келбеген, / Калбаган экен бизге дейм, / Каш кайтарар бендеден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Молдо төргө чөк түшүп, кашын серпип көздү жумуп, куран окуп жатканда, мен үстөлдө не бир түрдүү кылып жасалган ширин нандарды көзүмдүн алды менен бир сыйра кыдырып өттүм.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →