кашы

китептерде 157 жолу, 10 китепте
  1. Кычышкан жерин сүргүлөө, сүрүү, тырмоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…а, / Найзасын кагып жиберип, / Качырып кирди Каракөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден кө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайраты артык Кененим, / Бул дагы алды жакадан, / Жакалашып тартышып, / Тамандашып тебишип, / Этектен орой кармашып, / Барлык күчүн арнашып, / Ээр кашына орошуп, / Алалбай аттан түшүрүп, / Алаканга түкүрүп, / Жакаларын жыртышып, / Кемерлерин үзүшүп, / Ат үстүндө сүзүшүп, / Мурундун каны тамчылап, / Кеңкула менен… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көкөтөйдүн ашында, / Көп жыйындын кашында, / Кылжейренди сурабай, / Кызыкка орток курдаштай, / Алып кетип мингенде, / Ишенем эрге, дегенде, / Алда кандай адам, деп, / Акылда ойлоп калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каркылдап Бакай башында, / Каныкей турат кашында, / Эки колу бүгүлүп, / Абасына жүгүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Тасырайган көзүнүн үстүндө коюу кара кашы бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →