кашка
- Малдын же башка айбандардын маңдайындагы ак тилке, ак так.
- Чачы жок, жылмакай, тасыракай.
- Тунук, таптаза, кири жок.
- тар. Уруу башчысы, уруунун жол баштаган акылманы, көсөмү.
- өт. Өткүр, тартынбаган, тайманбаган.
- Уялбаган, ийменбеген (көбүнчө жаш келиндер жана кыздар жөнүндө). Келиндин кашкасы.
- Жибек кездеменин бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баарын көрүп алардын, / Абыдан көрүп аралап, / Азык менен аралды, / Кашкар менен жол жүрүп, / Ак калпак кыргыз эл көрүп, / Чеч төбө келип бел ашып, / Бактыбай менен көрүшүп, / Эсен-соосун билишип, / Таласка кетти Бекбача, / Карсылдашып күлүшүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ейли, / Эстейли жана эстейли, / Эл сүйгөн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кене…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Оркондун кызыл суусуна, / Келип Алмаң караса, / Өзү көргөн өгүнкү, / Өөрчүп жаткан чоң дайра, / Какшып соолуп калыптыр, / Сай төбүндө кылдырап, / Көк кашка суусу агыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айаш атам Момунжан, / Кашкардагы Токто сарт, / Чүрөк жеңем келтирди, / Бириңдин жараң бүтүрдү, / Бириңди бойго жеткизди, / Айла менен амалдап, / Таласка кайта келтирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жүз камчыласа чым этпеген, казысы көнөчөктөй бир кашка айгыры болучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →