кашат
- Шымдын, дамбалдын, юбканын белге келүүчү жери, ычкыр, кур байлануучу жээги.
- өт. Суунун, өзөндүн, арыктын жээги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайра качып дүркүрөп, / Жер аңга түшүп кетиптир, / Жүз жетимиш сүрдүгүп, / Ат ойнотуп сыздырып, / Эр Бактыбай бараткан, / Көрө салып Ачакан, / Байкап турган кашаттан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Желип чыкты кашатка, / Жеткилең Манас алдырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жаагы кызыл кан болуп, / Баштары челек, нан болуп, / Алакан тери сойулуп, / Мойнунун каны койунга, / Агып кирет куйулуп, / Ычкыр кашат, бел кырчоо, / Андан жерге агып чубуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мурду тоонун кыр таштай, / Кабагы кашат чабындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Түнөргөн тоолор, терең кашаттар...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →