кашай
- Сокур болуу, көрбөй калуу.
- Шору катуу, ойрону чыгуу, азап тартуу, кырсыктоо.
- өт. Өз билгенин бербей кежирленүү, кыйыктануу, айтканынан кайтпоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Хан Каракөз дегенге, / Катуу жаман сөз айтты, / Кара жанын кашайтты, / Сөөктөн өткөн ачуу сөз, / Жан айабай Каракөз, / Кармап найза сермеди, / Айкырыгы таш жарып, / Аптыгып кирип келгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…сөтүп кызды мага айтты, / “Тийишпесе тийбеймин, / Тийишип калса тыңдуусуп, / Ким экенин билбеймин” / Үкүс кебин жана айтты, / Анын айткан кептери, / Кара жанды кашайтты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Деп ошентип ой кечип, / Шашып калды эр Кыйаз, / Кармай к алып тимтени, / Айтып калды эр Кыйаз: / — Кашайып Чүрөк кантесиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кара жанды кашайтты, / Анда туруп Таз айтты, / «Бала сен бейбаш өсүпсүң, / Элирген байкуш эсиң жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жамат жаны кашайган кишидей эшикти ачып туруп төрдү көздөй каңк-каңк эттирип табагын ыргытып жиберди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →