кашаа
- Жыгачтан же чырпыктан согуп жасалган тосмо.
- Белгилүү түшүнүктүн алдына же артына коюлуучу жарым-жартылай ийилген, чарчы же болбосо фигуралуу тыныш белги, ошондой эле формадагы математикалык белги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кармаган кашаа, тизген таш, / Кездешип калса кай жерде, / Уктан калган нугу, деп, / Айтылып жүрөт бул күндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Биздин айыл Серкенин кашаасында.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
…ң Булактын оозундагы Василийдин жаркыраган үйү, мен уй кайтарган жерлер, Башариндин Ак-Сайдагы бал челеги, Бабайдын чөп чабышы, мен чөмөлө тарткан ой, Серкенин кашаасы, Кыдырма болуп ышкын терчү чоң күңгөй — баары да саналып, көрүнүп туруучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →