качыр1
- Эшек менен жылкыдан бүткөн аргын.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кокүн сунган найзанын, / Үнү күндөй күркүрөп, / Көрүп туруп Конушбай, / Сийдиги агып дүркүрөп, / Кара жерди чаң кылып, / Качырганын ар качан, / Алып көргөн кар кылып, / Адатымча кыргызды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каңгайлап ураан чакырды, / Катуу айгайлап бакырды, / Караңгыда калдаңдап, / Кабылан эрди качырды, / Капташып кирип келгенде, / Жандап өтө берди эле: / — Кетти душман жериңе, / Кейишти салат элиңе, / Мен Торгойго кызматкер, / Чигитейге беттешип, / Айтып койгун деди эле!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күркүрөтүп найзасын, / Күү чыгарып качырды, / Көмө сайып кетем деп, / Көкжал төрө баатырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жойкуманы кындады, / Найзаны кармап ыргады, / Өкүрүп атын сабашып, / Ойрон Сыргак баатырга, / Жетти булар жанашып, / Качырып барып эр Сыргак, / Кылт эте берди буйткарып, / Калды булар адашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ттуунун Жалгызек, / Таанып билген иш эле, / Карап көрсө Жалгызек, / Он эки сыны бар экен, / Эки жаккы мүрүдө, / Эшилген ак кыл салаңдап, / Эки канат чалгыны, / Качырдан бетер ак экен, / Сегиз колдо барабар, / Жетиден көңөө так экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →