кат3

китептерде 920 жолу, 10 китепте кат 1 →кат 2 →кат 4 →
  1. Жаап-жашыруу, көзгө урунтпай, көрсөтпөй коюу.
  2. Жүгөндү, ноктону малдын башына салуу, тагуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жакшылык менен жамандык, / Калемде кеткен жазууну, / Жапкан менен жабылбайт, / Сен жашырып катпагын, / Мен билгеним айтамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Баатырдын огу белек, — деп, / Катышым менин керек” – деп, / Аны менен кээри жок, / Эл чуркурап деректеп, / Көйнөгүнүн ичине – / Төшүнө катып жиберет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коросон барып Дабытай, / Козголбой жатып ала албай, / Талап алган кыргызды, / Малы-пулун айабай, / Эки бөлөк кат жазып, / Саламат менен Ачакан- / Ал экөөнө деп, жазып, / Бат жеткизип келгин, деп, / Жөнөткөн эле бир күнү, / Эки киши аткарып, / Учурап калды Кененим, / Кетемин деп келатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кары болбой катып кал, / Кара жерге батып кал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он алты күн толгунча, / Ороодой көзү олойду, / Конжурга сөөгү коройду, / Кабыргасы саналды, / Күнгө катып төө тери, / Сөөгүнө барып кадалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →