катчы
- Кат жазуу, бир нерсенин эсебин жүргүзүү, каттоо жумуштарын аткаруучу адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өзүнө жакын кишиден, / Он-он бешти албады, / Эки чайчы, бир катчы, / Ээрчитип үчтү алганы, / Жетисууну кыдырып, / Шоорук хандын айлына, / Бир күнү барып калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дабытайдын катчысы, / Бир киши чыкты арадан: / — Толук билет бар жайын, / Запырадан сурасак, / Запыра ачып айтпаса, / Билгенимди мен айтам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайнап жаткан какандын, / Катчылары арбын дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ажыбайдын уулуна, / Катчылыкты бергени, / Падышалык алтын мөөр, / Керменбайга тийди эми, / Оболбек менен Сетертай, / Таласта эки бий деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →