кас2

китептерде 121 жолу, 10 китепте кас 1 →
  1. Артыкча, өзгөчө, мыкты, чынгы, башкача.
  2. Жеке өзүмдүк, менчик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Сайма жаргак кемсели, / Ийнине баса кийилүү, / Кулагын алып үпчүлөп, / Көп кишинин бириндей, / Түк билинбей бул жүрөт, / “Медеркан келип күпүлдөп, / Чигитейге кас кылса, / Өлтүрүп койор жаш бала, / Туйундуруп баатырга, / Кетейин деп бул итти, / Аты менен мен сүйрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бадыкөлдөн кыдыртып, / Баарын айтып угузуп, / Сага кылдым аны кас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Салдырып бутка кең кишен, / Кынжылатып мойнунан, / Андан кийин Бакайдын, / Мабу кеп чыкты оозунан: / — Эл кыдырып келсин, — деп, / Чыккынчы болот ушундай, / Кыргыздын баары көрсүн, — деп, / Бирине-бири кас болбой, / Ынтымактуу жүрсүн, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Семетейдин катыны, / Шаатемир кызы Чачыкей, / Эрке катын атанып, / Жүргөндө жанды элебей, / Айчүрөк келип пас болду, / Семетейге кас болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алдакайда көтөрүп сергитип таштачу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →