каста2
- Индия жана Чыгыштын кээ бир өлкөлөрүндө – өзүнүн укугу жагынан жана теги жагынан кескин айырмалуу коомдук топ.
- өт. Өзүнүн аброюн, өзүнүн эреже-жоболорун жан аябай коруучу коомдук топ.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Нурфануну алам деп, / Өлүп кеткен Татылда, / Жинге берген кызы бар, / Күйөөсү жинди ээрчитип, / Нурфануну жай-кышы, / Аңдып жүргөн иши бар, / Нурфануну кастаган, / Аркасында киши бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Такка минип хан болуп, / Тайрайып жаткан жан болуп, / Маслетчи Бетери, / Какжаңдаган чал болуп, / Жаткан Отор бир жактан: / “Такка миндим, эл билдим, / Танабын жипке тиземин, / Мени кастап келгендин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кездеп атса ок өтпөйт, / Кастап калса чок өтпөйт, / Сайса найза теше албас, / Чапса кылыч кесе албас, / Өздөрүнүн кийгени, / Жөнөкөй кийим буулумдан, / Ар окшобос буруудан, / Теңгечелик ачык жок, / Темирлерден куйулган, / Чарайнасы алдында, / Көй кашканын баарында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Сейитим ошондо, / Мындай деди кеп уруп: / — Тура тургун, желмогуз / Чойтолоң менен Тазкара, / Келипсиң кастап эр болуп, / Бөлүнүп менден кеткенде, / Бекер өлүп кетпесин, / Кара жерге тең болуп, / Каны суудай акпасын, / Какырды бойоп сел болуп, / Кармабай колу шал болуп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кастап келген Калдуубет, / Кан ичме өзү, кара нээт, / Күн батыштын жагынан, / Көктүк кылып бул чочко, / Келген далай эрди жеп, / Кара калпак, түркмөндөн, / Карсылдашы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →