каскак

китептерде 19 жолу, 7 китепте
  1. Желектин, туунун сабы, желек, туу байланган узун таяк.
  2. Жыгач, бакан, келтек, союл.
  3. Учуна темир ашталган найза.
  4. өт. Жолтоо, тоскоолдук, бөгөт.
  5. Тамак ичилип жаткан учурда ичинде суусундук, тамагы бар идишке кокустан түшө калган чегиртке, чымын сыяктуу курт-кумурска.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каскактын учун кан кылып, / Калмактын башын маң кылып, / Чамбыл ала чаң кылып, / Заманасын тар кылып, / Кырып кетип баратат, / Кыйырын бузбай кыйратып, / Кабыргасын карк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…е кошулуп, / Коросон менен испандан, / Кызыл кан агып жошулуп, / Коросон менен испанды, / Койдой айдап үркүтүп, / Аркасына жандырды, / Кызымталдуу баатырлар, / Каскактын учун кан кылды, / Кара жерди май кылды, / Коросон менен испанга, / Кең дүйнөнү тар кылды, / Бөлүнүп чыкты эл үркүп, / Кайра качып дүркүрөп, / Жер аңга түшүп ке… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тыңы менен чабалын, / Тебетейдей ыргытып, / Көгүчкөндөй зыргытып, / Каскактын учун кан кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каскаксыз найза колго алып, / Эки жапан айдады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…аратат, / Кабат-кабат кесирим, / Аттанып кетип баратат, / Жанаша түшкөн немесин, / Жастантып кетип баратат, / Кылычтын канын чубултуп, / Кырып кетип баратат, / Каскактын учун кан кылып, / Сайып кетип баратат, / Эки этегин бош таштап, / Жайып кетип баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →