карыя
- Жашап калган, жашы улгайган, кары киши.
- Жашы улуу, кары адамдарга (эркектерге) улуулугун урматтап кайрылуу түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Семетей келсин алдыма, / Керек эмес малыда, / Чөк түшүп ыйлап отурсун, / Кол байлап менин алдыма, / Кабыл кылса кылармын, / Карыя Бакай наалыса, / Кечсем өтүп калармын, / Каныкей эжем таарынса, / Деп ошентип айтты эле, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Бели катуу бек чоро, / Белдсенишкен душманг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Карыялар «быйылкыдай эгин чыгып көргөн эмес» деп жүрүүчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошого быйыл кырк жыл...— деп бир кур карыялар кетип баратып, өзүнчө кобурап коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– деп бир карыядан сураса, ал:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Бала карыянын айткан жерине келип, чуңкур казып жатып алды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →