карыш2
- Колу-буту же жаагы тырышуу, жазылбай жыйрылып калуу.
- Ачкалыктан алы кетүү, кайышуу.
- өт. Өжөрлөнүү, көктүк кылуу, айтканынан кайтпоо.
- өт. диал. Аңга коюлган капкан куру чабуу, эч нерсе түшпөй калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайра жаачу булуттай / , / Карарып өңү бүркөлүп, / Кабагы карыш чүмкөлүп, / Буту сынып жаны ачып, / Качырып кирди «Манастап», / Кара жанга күч келип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аз эле жылдын астында, / Каңгайлар айдап жүргөндө, / Таманыңа шиш кагып, / Куйкаңды карыш тилгенде, / Ыштаныңа сийдиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Санаасы санга бөлүнүп, / Тирүүлүктөн өлүмү, / Карыш жакын көрүнүп: / “Кененимди угушта, / Кең пейил деп угамын, / Пейли мага кең болбойт, / Саламатты бузганым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Шиберге келсе жүгүрүп, / Тикен болуп шиберлер, / Таманын тилип тепчилип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ай менен күндү эсептеп, / Жылдызга каршы күндөрдө, / Серпилип атка минчү эмес, / Үйдөн карыш жылчу эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →