карып

китептерде 119 жолу, 10 китепте
  1. Тентиген, элинен ажыраган.
  2. өт. Кедей, бечара, байкуш.
  3. өт. Адам жаны, тирүү адам (алсыз адам маанисинде).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жаман карып калды, деп, / Айылдагы эл айтат, / Какчаңдады деп айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ошол күнү мен барсам, / Кызыталак бул бурут, / Кылымдан кайым болмокчу, / Кылымдан кайым болбосо, / Кылчайгыс карып болмокчу! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Урумдагы Оруз хан, / Түбү кыргыз бир тууган, / Куда-сөөк биз менен, / Карып калган кези эле, / Урумдун эли не болду? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Карып калган окшойсуң, / Кайсоолойсуң көп сүйлөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Карып-тардын кайгысына карай турган заманбы? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →