карын
- Адамдардын, айбандардын тамак сиңдирүүчү органы.
- Койдун, эчкинин же кийиктин ушул органынан май куюуга, сүзмө салууга ж.б. ылайыктап иштетилген идиш.
- Ушундай идишке куюлган май же сүзмө.
- Ич, курсак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз калың эл, / Ак чач болгон байбиче, / Ак сакалдуу карың кел, / Кызкалдактай гүлдөгөн, / Кыз-уулдун бары кел, / Айтып жатып айкөлдү, / Суусадым, келе кымыз бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Какжаңдап карың кыйналсын, / Бөкчөңдөп кемпир ыйласын, / Бешикте лалаң ачка өлсүн, / Качып жүрүп уул- келин, / Курбу-курбу ташта өлсүн, / Алысак тартып чубатып, / Арыктап төөл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жарык күндү түн кылчу, / Бул ааламды буй кылчу, / Жаадыкөйдү калтырбай, / Канык билчү Алмамбет, / Касийде менен сыйкырды, / Анык билчү Алмамбет, / Агы менен карын, / Айра билчү Алмамбет, / Кол башындай түйүнчөк, / Колуна алып имерип, / Дубалап күндү жиберип, / Булуттун баарын бурултуп, / Бурганак мөндүр куйултуп, / Алай-…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каныкейден кеп кетип, / Тепелең деген бир келин, / Чуркаган бойдон ал жетип, / Көрүнүп турган өпкө-боор, / Ичеги, карын, жумурун, / Беш жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Кескилеп алган эт …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →