карчылда
- Карч-карч этүү, сынганда же бир нерсеге урунганда, сүрүлгөндө карч-карч эткен дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…р жакка, / Карчашта жүрүп калганда, / Кардым ачып кайышып, / Кабырга сөөгүм майышып, / Сени менен тең жүрөр, / Калбады алым алышып, / Чыдаар алым калган жок, / Карчылдашып салышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кылымга уйат кыйын иш, / Калмак, кытай батышпай, / Карчылдашып урушса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кайкы-кайкы адырмак, / Калдырак кара тоо экен, / Капчыгайы ышкырган, / Маңгыраган зоо эккен, / Калмак, кыргыз ал кезде, / Карчылдашкан жоо экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →