карч
- Катуу нерселер сынганда, урунганда же бири-бирине сүрүлгөндө пайда болгон дабыш, качыраган үн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карчалышып хан Калдык, / Контукчу болуп Каракөз, / Кол салды келип кыргызга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аңгыча сүрүп таң атты, / Тоо бөксөлөп күн чалды, / Испандыктын аскери, / Түп көтөрө аттанды / Байракты көрүп Саламат, / Атка минип басканы, / Кой, Саламат, барба, — деп, / Кененимдин айтканы, - / Канча күндөн бер жакка, / Карчалыштың кармашып, / Коросон менен испандык, / Койгон окшойт чарчатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бозуул жетип атты алып, / Хан Кошойду аткарып, / Ырчы менен Ажыбай, / Кызыл кан кечип баш алып, / Кыйын болду угуңуз, / Кыйракандуу карчалыш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айал кылып турбастан, / Аты-жөнүн сурабастан, / Төөнүн башын бурбастан, / Найзасын күүлөп сундуруп, / Көмөлөтө сайчуудай, / Кара жанын карч уруп, / Качырып келет кулжуңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Султаналы үй-бүлөсүн, өз кардын тойгузуу үчүн "өлбөс оокат, чыкпас жан" дегендей, кара жанын карч уруп, күнүгө талаадан отун терип калаага сатуучу экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →