карты
- Учуру, удулу, маалы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калмактардын эң карты, / Аны менен бир жүргөн, / Кыргыздардан бай Кошой, / Мазардын тоосун жайлаган, / Мал семирбей калбаган, / Казанда майы кайнаган, / Катагандын кан Кошой, / Бир күнү мындай ойлогон: / “Нуранын суусун атташпай, / Учурашып катташпай, / Кандай жатып алдым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Абаң Бакай, Жакып бар, / Акбалта, Жамгыр – карты бар, / Байжигит менен Бердике, / Ошур, Шыгай дагы бар, / Кыргыз баштап кырк баатыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чойт камчылап тору атты, / Картыкеге карабай, / Бастырып кетти Чойтолоң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →