картаң

китептерде 9 жолу, 3 китепте
  1. Карып калган, жашы жеткен, улгайган.
  2. Карылыгы жеткен, карыган (айбандарга же көп жылдык өсүмдүктөргө карата айтылат).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сокуру бар, бучук бар, / Шаңдуусу бар, кодоо бар, / Картаңы бар, жашы бар, / Чыйрагы бар, бошу бар, / Ажал чиркин туш келсе, / Жакшы-жаман ылганбай, / Кыйылып башы баратат, / Бардыгы окшош куурайдай! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
салтын көр, / Абалтадан шаңданган, / Атагын көр, данкын көр, / Үч күн өрүн ал жерде, / Чай ордуна бал куйду, / Күнүнө тайдан чалдырды, / Кара козу куйругун, / Картаңдарга алдырды, / Артып барган дүйнөсүн, / Алдына барын жам кылды, / Тамгасынан каратып, / Кыргыздын малын жандырды, / Мөөр басып каттады, / Жылына берчүү чыгымды, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Валбаалаган кең жеңи менен жашын сүртүп алып, картаңы: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жаңкы картаңы бир кезде: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Картаң ата-энемдин менден башка баласы жок. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →