кароо2
- Кызганчаак, ичи тар. Аялга кароо экенсиң ээ?
- Аяп, сараңдык кылып турма адаты бар, зыкым, кызгана берме.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кардыгач кызым чоңойуп, / Каралды болуп калды эле, / Өзүмдү тартып калганбы, / Өтө кароо малга эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Алмамбет баатырың, / Колундагы сом темир, / Жазылыптыр ашкере, / Караса анын сабына: / “Кароого келсе Коңурбай, / Кол баштаса Соорандык, / Кийе турган тондору, / Салынган шири кабына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Он миң жаны болсо да, / Өлгөндүр” — деп кароодо, / Четке чыгып турганда, / Жаш арстан чунагың, / Чымырканып чыйралып, / Тал чыбыктай буралып: / — Кезегимди бергин — деп, / Чоң балтаны колго алып, / Четте турган чоң дөөгө, / Жетип барды бет алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Ач арыктын абалына кароо, арыз муңуна кулак салуу, жердин камын ойлоо, элдин тагдырына кара-шуу дегендерди булар ойлоп да койбойт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →