карма
- Кол менен тутуу, колуна алуу.
- Тегерете тосуу, курчоо.
- Кыюу салуу, четтерин кыюулап коюу.
- Асыроо, багуу үчүн белгилүү бир жайда болчудай кылуу, токтотуп, камап туруу.
- Кетирбөө, кетишине мүмкүндүк бербей, бошотпой туруу, коё бербөө.
- Туткундоо, камакка алуу, колго түшүрүү.
- Тутуп алуу, колго түшүрүү (жапайы айбандарды, качкан малды ж.б.).
- Тейлөө, күтүү, асыроо (үй тиричилигине, оокатка карата).
- Пайда болуу, келе калуу, боло калуу.
- Токтолуу, болуп туруу, күчүндө болуу.
- Көңүлгө тутуу, эсине алуу, унутпоо, Убалга ата калбагын, Бул сөзүмдү кармагын («Семетей»).
- Өзүн өзү токтотуу, токтоо болуу.
- Башкаруу, бийлөө, бийлик кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…агын, / Кыйамат кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кагазды кармап бетине, / Атынан айра келгенде, / Тазбайматтын бир киши.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…здын, / Эбедени эзилип, / Эт жүрөгү жетилип, / Түйүндүү сыры чечилип, / Жандап келип келиндер, / Акбаланы көрсөтүп, / Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп келип Гүлнарды, / Коргонго алды түшүрүп, / Урумдун элин узатты, / Он-он беш күн күтүшүп, / Кулу менен күңүнү, / Калтырбады бири…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошенткенде Жапарбек экөөбүз аны кармап алып, күркүрөп жаткан сууга келип уруп жибердик эле, кулачтап алып жөнөдү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →