каркай
- Аркайган, аркайып чыгып турган көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ктын учун кан кылып, / Калмактын башын маң кылып, / Чамбыл ала чаң кылып, / Заманасын тар кылып, / Кырып кетип баратат, / Кыйырын бузбай кыйратып, / Кабыргасын каркайтып, / Тоногон төөдөй тартайтып, / Талаага чыгып топ кылып, / Кыйан жыйган чабардай, / Кемерге жыйып тоо кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Аңырайган жол кылып, / С…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мадыбек элге чоң болуп, / Короолош конуп Мөңкөтай, / Кол жеткис бууда зор болуп, / Чигитейге жакындап, / Бирге жатып, бир копкон, / Баарынын иши оңолуп, / Каркайып төөлөр чубашып, / Арак ичип,мас болуп, / Кары-жашы дуулашып, / Ак калпак кыргыз жатыптыр, / Калдуубеттин чоң Отор, / Каңгайды көздөй басыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кангайлар калдырап, / Кажы-кужу балдырап: / — Каракөктү минди, — деп, / Кайран Мунар кирди, — деп, / Кара тоодой каркайган, / Караанын карап көрөр, деп, / Калдаңдаган шум казак, / Кайра качып жөнөр, деп, / Качпай койсо көгөрүп, / Жер кучактап өлөр, — деп, / Калдалаң көргөн өлүмдү, / Али эле көрөр, – деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кокжоңдотуп төө минген, / Төө минбесе жөө жүргөн, / Терекбай жүргөн жагынан, / Жалындаган от күйгөн, / Алдыңкы ээги шалпайган, / Жонунда өркөч каркайган, / Азуулары аркайган, / Мингени төөнүн чоңу экен, / Төрт айагы тартайган, / Чарадай бар таманы, / Баскан изи талпайган, / Тарбалаңдап жүгүрсө, / Аркасында чаң …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айсалкынга Айчүрөк, / Алдырып келип сандыкты, / Сандыктан алды бир даары, / Чайкатып чанач кымызды, / Ал дарыдан салганы: / — Байлап койгун чаначты, / Таза жууп белендеп, / Тайарлагын айакты, / Катындар келет кайкайып, / Элечеги каркайып, / Кемпирлер келет тепейип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →