карек
- Көздүн ортосундагы карасы.
- өт. Балага же өтө жакын кишисине кайрылган учурда колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Топчу кулак карегер, / Бууданы бар минүүгө, / Күрөкө сот дапдаяр, / Кабат-кабат кийүүгө, / Кылычы кында кыңгырап, / Балтасы белде шыңгырап, / Найзасы колдо зыңгырап, / Кагуучу кыз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Дүйнө эли мунун укса, / Маа кылбайбы чоң шылдың, / Өчүң бар деп ханында, / Өңгөнү өрткө таштаба, / Кары-жашы, ажыз бар, / Карегиңдей асыра!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карчыгадай таптаган, / Карегиндей сактаган, / Мүрегим атам, кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…өбөйсө жерге батпайт деп, / Жараткан бизге өлүмдү, / Арстандан калган алтын так, / Амалсыз жерге көмүлдү, / Ок өтпөс буулум – ак тонум, / Капшытынан сөгүлдү, / Карегим агып кашайып, / Кандуу жаш акты көрдүңбү, / Айкыйадан жашынды, / Кайсап салды Канчоро, / Арстандан калган асылды, / Күн төбөдөн батканда, / Алмамбет уулу Гүлүс…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карегим жол жүрүпсүң, / Ишиңди айт, / Башчы болгон кишиңди айт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →