карда
- Кар жаап кирүү, жамгырдан кийин карга айланып жаай баштоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ооганга келбейт, тең келет, / Окшош кыргыз сенделет, - / Сыйкырлардан кеп угуп, / Оор жумуш, деп угуп, / Ачуусу келип Алмаңдын, / Бекем түйүп кабагын: / — Киндик кесип кир жуусаң, / Киндик муз да кесесиң, / Киндикти карда жубасың, / Суук болуп кетет деп, / Божурап келип турасың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жедигер элин элдетпей, / Жети сууну жердетпей, / Конушбайды шумурай, / Канча жылы кардады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эмчегин берген Каныкей, / Торпокко салып кардадың, / Эмип кетсе бир торпок, / Какжаңдатып сабадың, / Ыраспы жалган иштериң, / Кантип тузаа табасың?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кардап журуп чочколор, / Карыганда ошолор, / Так айласы кетерби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Атайлап Сатай барганда, / Окмогой менен Чокмогой, / Энеси кемпир кошулуп, / Баарысы келип калыптыр, / Кырдакы кепке ишенип, / Кошо келген каңгайга, / Кожойун болуп алыптыр, / Кээ бирин тилдеп сөз менен, / Кээ бирин кардап көз менен, / Кээ бирин уруп салыптыр, / Жашырбастан, жаппастан, / Сатай айтып барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →