карга1
- Кара же карала түстөгү ири куштардын жалпы аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Какбаш Жакып, Канчоро, / Абыке, Көбөш – төртөөнү, / Эргиз оозго албайлы, / Кыйамат кайым болгунча, / Каргайлы, күндө каргайлы, / Аркачан каргыш арнайлы, / Арнайлы каргыш арнайлы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Дубалап күндү жиберип, / Булуттун баарын бурултуп, / Бурганак мөндүр куйултуп, / Алай-дүлөй борошо, / Бөрүдөн бетер улутуп, / Турган жандын баарысын, / Койнун карга толтуруп, / Көнөктөп сууну куйгандай, / Асмандан жамгыр төгүлүп, / Өркөчтөнүп ылайлап, / Аккан селдер көрүнүп, / Каптап кетип Сазаңды, / Чанданы калды көмүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каргалдайды сен балам, / Ордонун башы бол деди, / Кутубай менен Торсолдой, / Балдардын көрүп урматын, / Үйүңдө жыргап жат, деди, / Ушундай кеңеш кеп болсо, / Ички сырды айт, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Намангендин астында, / Кең Кокондун үстүндө, / Таш чокуга мен бардым, / Кашкар жаккы белдерге, / Калмак, кытай элдерге, / Дүрбү салып карасам, / Каргасы учуп келбеген, / Калбаган экен бизге дейм, / Каш кайтарар бендеден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →