капыс
- Байкоосуз, кокус, күтпөгөн жерден.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…жайма-жай, / Эч нерсени ойлобой, / Эндекей жүргөн баланы, / Эбин табар чараны, / Ойлоп калды хан Калдык, / Кире берме бийактан, / Чыга берме айактан, / Элөөсүз капыс жар жакка, / Тура калды хан Калдык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шай келе албай баратса, / Буктурма койуп ар жерге, / Капысынан качырып, / Канкорду байлап алалы” / Дешип алар кеп салып, / Кеңеш бүтүп эл жанып, / Сүрүп чыкты таң атып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сыймыгы учуп башынан, / Айрылып атак-даңкынан, / Катуу шашып баладан, / Капысынан качырган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ыракымбай кээде капысынан шашып калганда гана «кетти, кетти» деп эки-үч айтып жиберет, Бул сөз көбүнчө музоолор чукул жерден качып жөнөгөн кездерде жумшалат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Капысынан алдыларынан бир түлкү чыга калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →