капта2
- Жабылып кирүү, жапырт басып кетүү.
- Бир нерсенин үстүн, бетин жаап, тосуп калуу, жайылып кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карап турса аныктап, / Жердин бетин көл толкуп, / Келаткансып суу каптап, / Кылт этип кыйал бурулса, / Кетчүдөй көрүнөт, / Кызыл кыйан сел каптап, / Жүрөгү күйүп кызыл чок, / Кыймыл этээр чама жок, / Кара бойу бүт какшап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эл чогулуп болгондо, / Жер каптап аскер толгондо, / Алтымыш балбан санаты, / Булардын ишин карачы, / Ар балбандын колунда, / Чокморлору кармалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…уп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ал үстүмдү каптап, жалбырактуу бутактары туш-тушка жайылып, болгон күчүмдү бүт тартып кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →