капта1

китептерде 287 жолу, 10 китепте капта 2 →
  1. Ташуу, жыйноо үчүн эгинди же башка нерсени каптарга салуу, кап-кап кылуу.
  2. Бир нерсенин сыртына кап кийгизүү, тыштоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карап турса аныктап, / Жердин бетин көл толкуп, / Келаткансып суу каптап, / Кылт этип кыйал бурулса, / Кетчүдөй көрүнөт, / Кызыл кыйан сел каптап, / Жүрөгү күйүп кызыл чок, / Кыймыл этээр чама жок, / Кара бойу бүт какшап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эл чогулуп болгондо, / Жер каптап аскер толгондо, / Алтымыш балбан санаты, / Булардын ишин карачы, / Ар балбандын колунда, / Чокморлору кармалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…уп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ал үстүмдү каптап, жалбырактуу бутактары туш-тушка жайылып, болгон күчүмдү бүт тартып кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →