капкак
- Идиштин же оозу жабыла турган башка нерсенин жаап коюуга ылайыкталып жасалган үстүнкү бөлүгү, жапкычы.
- Комуз, кыл кыяк сыяктуу музыкалык аспаптардын чертиле турган жаккы бөлүгүндөгү көңдөйдүн үстүнө орнотулган жука тактайча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Эми жолдогу бар жорукту терип кереги эмне, көчүп жүрүп отуруп, Каркыра, Туз, Капкак, Текес, Нарынкол деген жерлерди басып, кытай чек арасына да келип жеттик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Сен барып Кара тоону тап, анда капкактуу кара булак бар, аны сен "кайдан табылчу элең, капкагың кайдан ачылчу эле" деп туруп, Кыраанкаранын эң мурун буттарын салгын.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Сен кайдан табылчу элең, капкагың кайдан ачылчу эле!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →