капка
- Сепилдин, чептин шаарды курчап салынган чоң коргондун дарбазасы, эшиги.
- Башы туюк бийик капчыгай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жапандан алат жасоолду, / Аралдан алат адамды, / Ар кайдан табат андайды, / Аралап кирип четиңден, / Айабай бүлүк салбайбы, / А, көрөкчө бурутту, / Койбой талап алалы, / Капка тигип жанайлы, / Коктукат алып баралы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты караса, / Капканын кара тоосунан, / Уйулгуп чаң созулду, / Учу бирге кошулду, / Алмамбет менен зор Чубак, / Ач жолборстой эр Сыргак, / Алдынан тосо барышты, / Абаң Бакай жол баштап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Терс айлантып торултуп, / Капканын кырка артууга, / Сары коонун түзүнө, / Алып барып таштады, / Сейтек жетип аңгыча, / Серпишип уруш баштады, / Айкөл Манас баатырдын, / Айчыгы алтын кызыл туу, / Белгини сайып таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Капкара болуп келбети, / Тешиги жок түбүндө, / Ал чүпүрөк калтадай, / Аңтарылып кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Үч капка жайма таруунун жанында бир келин соку күйшөп туруптур.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →