капас
- Колго багылуучу канаттууларды же жапайы айбандарды камап коюучу тор.
- өт. Эрксиздик, камалуучу жай, түрмө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Козубек анда кеп айтат: / — Бала төрө Бактыбай, / Байкап уккун, — деп айтат, / Кикиматтын колунан, / Темир капас торунан, / Эр Кененим куткарды, / Калмакты издеп барарын, / Кеңеш кебин бизге айтты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жарык күн күүгүм түн болот, / Сен турасың амалсыз, / Капастагы кушка окшоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Ушуларга бир аралашсам, эзелтен берки арманымды бир айтып калсам, ошолор менен бирге болуп, кандуу майданга бирге кирсем — ошентип эзелтен капаста жаткан черимди бир чыгарсам дегендей бир белгисиз сезим пайда болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →